Сентябрдын акырына карата Улуттук банктын алтын-валюта (эл аралык) резервинин көлөмү 4 миллиард 301,7 миллион долларга бааланган. Бир айда 171,2 миллионго өскөн.
Азыркы көрсөткүч тарыхта рекорд болуп саналат. Буга чейинки максимум ушул жылдын август айынын аягында катталган – 4 миллиард 130,5 миллион доллар.
Белгилей кетсек, өткөн айда Улуттук банк валюта рыногунан 22,5 миллион доллар сатып алган.
Акыркы жылдары Улуттук банктын резервдери бир нече жолу 3 миллиард долларга жетип, кийин азайып кеткен. Бирок, бир нече айдан бери алар тынымсыз өсүүдө жана сейрек кыскарууда. Мисалы, 2023-жылдын октябрь айында резервдер 2 миллиард 834,2 миллион долларды түздү, башкача айтканда, алар бир жылга жетпеген убакытта бир жарым эсеге көбөйдү.
Булак: https://ru.sputnik.kg/20241011/kyrgyzstan-nacbank-rezervy-rost-1089377335.html