Кыргызстан 2024-жылдын жай айларында товарлардын экспортун эки эсеге көбөйттү

2024-жылдын август айында Кыргызстан 2023-жылдын августуна салыштырмалуу товарлардын экспортун 2,1 эсеге көбөйттү.

2024-жылдын август айында экспорт 519,7 миллион долларды түздү.

Январдан августка чейин жалпысынан экспорттун көлөмү 2,2 миллиард долларды түздү, бул 2023-жылдын сегиз айына салыштырмалуу 13,1%га жогору.

2024-жылдын башынан бери экспорттун жарымынан көбү 5 өлкөгө туура келген:

• Россияга — 630,2 миллион доллар;

• Улуу Британияга – 445,7 миллион доллар;

• Казакстанга — 289,1 миллион доллар

• Кытайга – 214,1 миллион доллар;

• Өзбекстанга – 198,1 млн.

Булак: www.tazabek.kg/news:2180087?f=cp

Tags:

Comments are closed