Өзбекстан менен Кыргызстан биргелешип Чаткал жерине пансионаттарды курат

Кыргызстан-Өзбекстан бизнес форумунун алкагында курорттук долбоорлор сунушталды, деп билдирет Podrobno.uz кабарчысы.

Чаткал районундагы «Чапчыма» жана Беш-Салаа аймагындагы «Чатка» лыжа базалары менен жыл бою иштей турган эс алуу жайы курулат.

Ташкентте өткөн “Кыргызстан-Өзбекстан: туристтик кызматташуунун жаңы этабы” аттуу акыркы бизнес форумдун алкагында курорттук долбоорлор сунушталды. Ошондой эле Кыргызстандын Экономика жана соода министрлигинин Туризм департаменти менен Өзбекстандын Туризм комитетинин ортосунда Чаткал курортунун инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Курорттун курулушу Талас-Чаткал-Ташкент автожолун куруу пландарына байланыштуу болуп, аны Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Үрүмчүдөгү жыйында карап чыгышты. Учурда долбоор боюнча жол картасы иштелип чыгууда, аны ишке ашыруу эки өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Талас – Чаткал – Ташкент жолу Чаткал дарыясында ГЭСтер каскадын курууга да мүмкүндүк берет.

Эске сала кетсек, Кыргызстан Өзбекстан менен чектешкен көпүрөнү оңдоп бүттү.

Source: https://podrobno.uz/cat/economic/uzbekistan-i-kyrgyzstan-vmeste-postroyat-kurorty-na-chatkalskoy-zemle-/

Tags:

Comments are closed