2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында калктын банктардагы депозиттик эсептерине тартылган акча каражаттарынын көлөмү (чыгарууларды эске алуу менен) 30 миллиард 271,6 миллион сомду түздү, бул 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 38,5%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.
Жеке адамдардын депозиттеринин калдыгы 2024-жылдын 1-июлуна карата алардын көлөмүнөн 2023-жылдын тийиштүү күнүнө карата 28,4%га (54 млрд 104,5 млн сом) ашып, 244 млрд 612,8 млн сомду түздү. Калктын улуттук валютадагы депозиттеринин үлүшү алардын жалпы көлөмүнүн 55%ын, чет өлкө валютасында – 45%ти түздү.
Булак: https://www.tazabek.kg/news:2180063