27-августта Түркмөнстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нуры Голлиев Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен жолугушту. Бул тууралуу “Түркмөнстан кабарлар порталы” интернет басылмасы билдирди.
Тараптар биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруунун негизги жолдорун карап чыгышты. Буга байланыштуу жүк ташуу тармагындагы кызматташуу өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленди. Маектешкендер Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын аймактары аркылуу Каспий деңизине чыгуучу жаңы коридорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карашты.
Түркмөнстандын элчиси энергетика жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын өнүгүү динамикасын, ошондой эле өз ара соода көлөмүнүн өсүшүн белгиледи. Элчи министрге ушул жылдын сентябрь айында Ашхабадда өтө турган Түркмөнстан инвестициялык форуму тууралуу айтып берди.
Булак: https://arzuw.news/posol-turkmenistana-provel-vstrechu-s-ministrom-jekonomiki-kyrgyzstana